10:31
USD 88.33
EUR 95.26
RUB 0.96

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Бишкек шаарынын күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын күнү менен борбор калаанын тургундарын жана меймандарын куттуктады.

Ал бүгүнкү күндө Бишкек — эгемен Кыргызстандын борбору өлкөбүздүн саясий, экономикалык, илимий жана маданий очогуна айланганын белгиледи. Борбор калаада Кыргызстан калкынын 20 пайызынан ашыгы жашайт.

«Азыркы учурда борбор шаарыбыз өлкөнүн экономикалык, транспорттук, илимий жана маданий борбору катары жаңы рынок шартында, өзгөрүүлөрдүн толкунунда өз жолун ийгиликтүү улап баратат. Административдик-аймактык реформанын натыйжасында шаарыбыздын аянты кеңейип, калкынын саны дагы артат. Бул иш-чаралар биздин алдыбызга жаңы милдеттерди коёт. Ошентип баш калаабыз ар тараптан жаңылануунун башатында. Биз буга чейин Бишкектин архитектуралык келбетин, инфратүзүмүн жакшыртууга кадам таштаганбыз. Адегенде эле келген меймандардын көңүлүн буруучу жолдорубузду, тротуарларыбызды оңдоп-түзөөнү колго алдык. Бара-бара чоң-чоң имараттардын көрүнүшүнө көңүл буруудабыз. Мындан сырткары, заманбап инфратүзүмдүк объектилердин, соода жана тейлөө чөйрөсүндөгү имараттардын курулушу кулачын жаюуда», — деди ал.

Ал Бишкекти сүйүүгө жана сыйлоого чакырды.

«Бүтүндөй Кыргызстандын жүзү болгон Бишкекти баарыбыз сүйө билели жана сыйлай билели. Урматтуу шаардыктар, сиздер менен биргелешкен аракетибиздин аркасында сүйүктүү Бишкек шаарыбызды келген конок суктана турган, жашоого жайлуу, күнөстүү калаага айландыра аларыбызга бекем ишенем», — деп кошумчалады президент.

Эскерте кетсек, быйыл Бишкек шаарына 146 жыл толду.

Эң көп окулган жаңылыктар