09:14
USD 87.70
EUR 95.02
RUB 0.97

200гө жакын адам бөйрөктү бекер алмаштыруу операциясына кезекте турат

200гө жакын адам бөйрөктү бекер алмаштыруу операциясына кезекте турат. Бул жөнүндө 24.kg басылмасына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, жети акысыз операция жасалып, учурда дагы бир нече бейтап даярдоо процессинен өтүп жатат.

«Эми жилик чучугун, анан кийин боорду алмаштырууну баштайбыз», — деди министр.

2024-жылдын башында президент Садыр Жапаров гемодиализ алган кыргызстандыктарга бөйрөктү бекер алмаштыруу боюнча операция жасоону тапшырган. Бүгүнкү күндө өлкөдө 2 миң 500дөн ашык жаран гемодиализ алат.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында бөйрөк алмаштыруу боюнча бардык суроолор менен жарандар дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 14:00дөн 15:00гө чейин кайрылса болот:

  • нефрология бөлүмүнүн башчысы Насира Бейшебаева — 0700 62 77 16;
  • трансплантология бөлүмүнүн башчысы Байзаков Мирбек 0550 22 77 01.
Эң көп окулган жаңылыктар