10:42, 01 апреля 2024, Бишкек - 24.kg
Эртең Бишкектин Чыгыш бөлүгүндө муздак суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суу «Контррезервуар» суу топтомосундагы жана шаардык суу түтүк тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат .
Ичүүчү суу 2-апрелде саат 9:00дөн 19:00гө чейин «Алтын Ордо», «Кара-Жыгач», «Полицейский городок» конуштарында болбойт жана өчүрүү аймагына Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү, темир жол кирет.